Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөрдүн цивилизациясы – мурас, парадигма жана келечек” аталган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарынын илимий багыты боюнча өткөрүлө турган эл аралык конференцияга 40тан ашык мамлекеттен көчмөндөр цивилизациясын изилдеген 75 окумуштуу келет.
“Дүйнөлүк мааниден алганда Көчмөндөр оюндары универсалдык мүнөздөгү иш-чара болуп калды. Илимий конференция 2-5-сентябрь күндөрү кыргыз, англис жана орус тилинде болот. Биринчи күнү пленардык жыйынга көрүнүктүү Нобель сыйлыгынын лауреаттары келери күтүлүүдө. Алар өздөрүнүн макулдугун беришти. Бирок азырынча алардын аттарын айтууга эрте. Ошондой эле илимий конференцияны президент Садыр Жапаров өзү ачат”, -деди ал.
Белгилей кетсек, конференциянын катышуучулары экинчи күндөн баштап 8 секцияга бөлүнүп, ар бир секция боюнча өзүнчө жумушчу топ иш алып барат. Аягында окумуштуулар көчмөндөр оюну боюнча резолюция кабыл алышат.