“Көчмөндөр ааламы”: Кырчын жайлоосундагы бүгүнкү маданий жана спорттук программа

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 09:30
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы "Көчмөндөр ааламы" этно маданий шаарчасында бүгүн маданий жана спорттук масштабдуу иш-чаралар өтөт.

Программанын алкагында төмөнкү иш-чаралар белгиленген:

"Кут Ордо" негизги сахнасында:

  • "Биримдик кербени" республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербенинин келиши;
  • "Дүйнө-өмүр" театралдык коюму жана "Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас" маданий иш-чараларынын салтанаттуу ачылыш аземи;
  • Чет элдик өнөрпоздордун концерттик программасы;
  • Республикалык "Шамдагайлар" жигиттер арасында боз үйдү ылдамдыкта тигүү, ошондой эле кыз-келиндер арасында боз үйдү бат чечүү жана жыйноо сынактарынын тандоо этаптары;
  • Облустар аралык "Жашоо жарыш" сынак-эстафетасы;
  • "Башат" чыгармачыл программасынын алкагында байыркы кыргыз жоокеринин күжүрмөн зоот-кийимдеринин илимий-тарыхый реконструкциясынын бет ачары;
  • Кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык "Ырчылардын ыр эрөөлү" айтыш сынагынын жарым финалы.

"Көчмөндөр айылы" аймагында жана ордолордо:

  • Бишкек шаарынын, Ош шаарынын жана Баткен облусунун ордолорунда "Көчмөндөр даамы" улуттук тамак-аш, "Мыкты кыргыз боз үйү" жана "Уз-уста" кол өнөрчүлүк сынактары;
  • Элдик каада-салттар сынагынын алкагында "Үй көтөрүү", "Кыз узатуу" жана "Байбиче көтөрүү" театралдаштырылган оюн-зоок программалары;
  • Ордолордо меймандар үчүн интерактивдүү оюн-зоок программалары.

"Ырыс Ордо" коомдук-маданий бирикмелеринин аянтында:

  • "Кийиз Дүйнө" ордосунда түндүк көтөрүү, салттуу элечектин 20 түрү боюнча "110 Элечек ороо" салтын көрсөтүү, ала кийиз басуу, ак өргөө боз үйүнүн презентациясы жана чебер-класстар;
  • "Мекендештер" ордосунда кийиз басуу, тумар жасоо, комуз чабуу, тогуз коргоол жана аркан тартыш боюнча чебер-класстар;
  • "Достук" ордосунун ачылыш аземи, этно ашкана, "Сокур даам татуучу" сынагы жана "Достук чайы" чай аземи;
  • "Жер Эне" ордосунда "Манас" айтуу, 40 уруунун санжыра баяны, улуттук тамак-аш фестивалы, тарыхый көргөзмө, акындар айтышы жана этно-концерт;
  • "Ала-Тоо Айымдары" ордосунун ачылышы, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, "Кыргыз айымы улуттун күзгүсү" форуму, "Эне мектеби" жана этномода көрсөтүүсү.

"Этно-Базар", Дүйнөлүк ашкана жана "Кичи көчмөн" аймактарында:

  • Эл аралык "Этно-Базар" маданият жана туризм көргөзмө-жарманкесинин ачылыш аземи, кол өнөрчүлөрдүн чебер-класстары, облустук өнөрпоздордун концерттери жана "Шамал-фест";
  • "Манас" эпосундагы жылдыздар дүйнөсү, "Кереметтүү космос" темасындагы лекциялар жана жылдыздуу асманды телескоп аркылуу байкоо;
  • Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасынын ачылышы урматына таттууларды кесүү, ашпозчулардын тандоо туру жана "Этно-бар" шоусу;
  • Балдар жана өспүрүмдөр үчүн "Кичи көчмөн" аянтында "Баатырларды дайындоо" интерактивдүү оюну, чүкө ыргытуу, аркан тартыш жана башка сыноолор.

Спорттук программанын алкагында:

  • Алыскы аралыкка ат марафону;
  • Ордо, бүркүт салуу, жаа атуу, таяк тартыш (мас-рестлинг), аркан тартыш, сумо күрөшү, стронгмэн жана сөөктү сындыруу боюнча мелдештер;
  • Улуттук классикалык күрөш жана кулатуу боюнча көрсөтмө мелдештер.

Эскерте кетсек, Кырчын жайлоосунда өтө турган бардык маданий жана спорттук иш-чараларга кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.