Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Чүй облусундагы "Көчмөн Сити" турак жай комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты текшерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев долбоорду ишке ашырууда унаа токтотуучу жайлар жетиштүү санда каралышы керектигин белгиледи. Каныбек Туманбаев ар бир жашоочуга бирден унаа токтотуучу орун эсептелиши зарылдыгын айтты.
Ошондой эле турак жай комплексинин жанында мектеп жана бала бакча куруу пландалып жатат.
Каныбек Туманбаев курулуш аянтчасындагы коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал курулуш иштеринин жүрүшүндө коопсуздук техникасы боюнча нускамаларды милдеттүү түрдө үзгүлтүксүз өткөрүүнү, бардык талаптарды жана нормаларды так сактоону, ошондой эле коопсуздук чараларынын аткарылышын толук көзөмөлгө алууну тапшырды.
Мындан тышкары, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктап, батирлерди өз убагында жарандарга тапшыруу милдеттендирилди.