Акыркы мезгилде Кыргызстанда коррупцияга аралашкан аткаминерлердин эл көзүнчө кармалышы коомчулукта чоң резонанс жаратууда. Көпчүлүк бул көрүнүштү кубаттап, социалдык тармактарда колдоосун билдирип жатышат.
Кыргызстандын саясий реалдуулугунда коррупция өлкө эгемендүүлүк алгандан бери тамырлап, мамлекеттик институттардын ишенимден чыгышына негизги себеп болуп келген. Көптөгөн аткаминерлер мамлекеттик кызматка келип, жеке кызыкчылыгын ишке ашырууга, материалдык пайда табууга умтулуп, коррупцияны системалык көрүнүшкө айландырганы жашыруун эмес.
Коррупцияга каршы күрөштүн үч этаптуу планы
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштү үч этапка бөлүп, анын алгачкы этабы жаңы аяктаганын билдирди. Иш пландалгандай үч айда эмес, эки жарым жылда аяктаганы бул күрөштүн кыйынчылык менен коштолгонунун далили болду. Ташиев алдыда мындан да татаал иштер турганын жана анда мыйзамда каралган жазалар максималдуу түрдѳ колдонуларын билдирди.
"Бул күрөштү үч этапка бөлдүк: биринчиси - күрөштү системалаштыруу, багыттарды аныктоо; экинчиси - мыйзам чегинде жазаны катаалдаштыруу; үчүнчүсү - маалымат берүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жетишкен ийгиликтерди бекемдөө.
Биринчи этап жаңы эле аяктады, биз ойлогондой оңой болгон жок. Үч ай, максимум 6 ай кетет деп ойлогонбуз, бирок баары 2,5 жылга созулду. Бул көп эмгекти, туруктуулукту, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты талап кылды. Биз экинчи этапты баштаганы турабыз, анын алкагында мыйзамда каралган жазаларды максималдуу түрдө колдонобуз. Буга чейин кармалган коррупционерлерге андан бир нече эсе ашкан суммадагы зыяндын ордун толтуртуп, соттун чечими менен жеңил жазалар алынган. Эми коррупционерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуртуп гана тим болбостон, соттун чечими менен биз алардын бардык мүлкүнлып, эң оор жазаны колдонобуз, көзөмөлгө алабыз. Экинчи этап 1-1,5 жылга созулат деп ойлойм. Бул абдан кыйын болот жана жеке мен баарынан баш тартууга аргасыз болом: балдардан, туугандардан, достордон жана шериктештерден, тууган-туушкандардан, анча маанилүү эмес нерселерден баш тартууга туура келет", - деди УКМК башчысы.
Президенттин принциби: "Кеч болсо да жазасыз калбайт"
Президент Садыр Жапаров акыркы коррупциялык кармоолорго катуу реакция берип, "Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт" деп белгиледи. Президент мамлекеттик кызматка келген ар бир адам казынаны ыйык деп билиши керектигин эскертип, айлыгына ыраазы болбогон аткаминерлерди мамлекеттик кызматтан кетип, бизнеске баруу керектигин буга чейин да эскерткен.
Бүгүн чиновниктердин биринин артынан бири камакка алынганы Кыргызстанда коррупциянын канчалык тереңдеп кеткенинен кабар берип турат. Коррупция менен күрөш оңой иш эмес. Себеби, коррупциянын табияты ушундай. Азыр аткаминерлер арты-артынан камалганы менен коррупциянын жаңы ыкмалары да ошончо арбып, паракорлор алда канча куу, айлакер болуп, акча жана ар кандай пайда алуунун ар кандай схемаларын ойлоп табышууда. Мына, акыркы мисал. Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын кылыгы. Эл үчүн, шаар үчүн күйгөн адам болуп, тымызын жасап жүргөн иштеринин бети ачылып калды. Албетте, бул окуя Садыр Жапаровдун ачуусун келтирет.
Дагы бир мисал. Таза иштесин деп “Унаа” ишканасынын жетекчисине президент өзүнүн фондунан айлыгына кошумча акча берип жүргөнүнө карабай, ал жетекчи коррупциялык иштерди уюштуруп, акырында кармалып, иштен айдалганы эсиңерде болуш керек.
Саясат таануучу Бакытбек Жумагуловдун баамында, коррупцияга каршы күрөш Кыргызстанда мурдагыдай декларативдүү мүнөздөн чыгып, иш жүзүндө камакка алуу жана мүлктү кайтаруу аркылуу конкреттүү жыйынтык бере баштады. Ал коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн парламент, жарандык коом жана ЖМКлардын активдүү катышуусу зарылдыгын белгилеп, элди фактыларды ачык айтуудан коркпоо зарыл экенин эскертти.
"Акыркы убакта УКМКнын төрагасынын катышуусунда болгон резонанстуу окуялардын фонунда, анын үстүнө президенттин катуу эскертүүсү өлкө жетекчилигинин коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнү мындан ары да уланта берерин көрсөтүп турат. Эскертүүлөр болгон, бирок алар эми бүттү, муну түшүнбөгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу күтөт.
Облустук администрациялар жана башка органдар министрликтер мыйзамдар иштеген башка реалдуулукта экенин толук түшүнө элек окшойт. Менимче, алар муну жакын арада түшүнүп, бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөшкө кошулушат. Алдын алуу иштерине парламент депутаттарын, коомдук уюмдарды, маалымат каражаттарын тартуу керек. Жөнөкөй жарандар да акыркы мисалдарды көрүп, жагымсыз фактыларды айтуудан коркпошу керек. Мындай процесс жүрүп жатат жана ал буга чейин эле натыйжа берип келген. Келечекте иш системалуу болушу керек, бул бизге коомдун рак оорусу болгон коррупциядан арылууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Бакытбек Жумагулов.
Сингапурдун мисалы жана Кыргызстандын жол тандашы
Эсиңерге салсак 2023-жылдын 16-сентябрында президент Садыр Жапаров Facebook баракчасында сингапурдук саясатчы Ли Куан Юнун жүз жылдыгына арнап пост жарыялаган. Президент өз жарыясында белгилүү реформатордун сөздөрүнөн цитата келтирген. "Сингапурдун башчысы ким болбосун, ал күчтүү эркке ээ болушу кажет же багынышы керек. Бул карта оюну эмес. Бул өмүрлөр: силердин жана менин. Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун". Ли Куан Ю (16.09.1923-ж. - 23.03.2015-ж.).
Ли Куан Ю коррупцияга белчесинен батып калган саздан сууруп чыгып, "Өнүккөн өскөн Сингапур" кылган лидер реформатордун жолун улаган Садыр Жапаров: "Ли Куан Ю элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген. Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук. Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын: "Бул карта оюну эмес. Бул өмүрлөр: силердин жана менин...", - деп жазган Кыргызстандын президенти Facebook баракчасына.
Бүгүн да Садыр Жапаров Facebook баракчасында аткаминерлерге катуу эскертүу жасады: "Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек!” – деп жазды президент.
Мамлекет башчы 2025-жылдын сентябрынан тарта мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бардык долбоорлорду: жолдорду, курулуштарды, көрктөндүрүү иштерин текшерүү үчүн көз карандысыз эксперттерден турган атайын комиссия түзүлөрүн эскерткен. Ар бир иш кылдат текшерилет - канча акча түшкөн, кандай иштер аткарылган, канча акча уурдалганы көзөмөлдөнөөрүн айткан.
Ал эми Камчыбек Ташиев билдирүү же кайрылуу жасаганда ар дайым аткаминерлерди эскертип, профилактикалык иштерди тынымсыз жасап турат.
"Мыйзамды бузбай, ишиңерди ак ниетиңер менен аткаргыла, коррупцияны токтоткула, мындан ары мыйзам чегинде мыйзам бузгандарга катуу чаралар көрүлөт. Бандиттер, бирөөнүн мүлкүнө көзүн салган каракчылар, контрабандачылар, мамлекетти алдаган шылуундар – баарыңар мыйзам боюнча жоопко тартыласыңар! Бул өтө татаал, оор жана коркунучтуу иш, бирок мен аны аткарам, башка жолум жок! Же коррупционерлер мени жеңет, же мен аларды мыйзам менен тартипке салам",- деп эскертип келет Ташиев.
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күч алып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин катуу позициясы аркылуу өлкөнүн башкаруу системасын жаңылоо аракети жүрүүдө. Системалык жана принципиалдуу күрөш иш жүзүндө жемишин берүүдө, бирок коррупциянын тамырын кыркып, мамлекеттик системаны тазалоо үчүн коомдун, ЖМКлардын жана жарандык коомдун активдүү көзөмөлү жана колдоосу талап кылынат.
Бул күрөш туруктуу жана ырааттуу жүргүзүлгөндө гана коррупция Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу маданиятын өзгөртө турган негизги факторго айланып, өлкөнүн келечеги үчүн чыныгы ийгилик алып келет.