Алматыда чет өлкөлүктөр тарабынан пландалган террористтик чабуул токтотулду

Борбор Азия Загрузка... 28 Октябрь 2025 15:00
1961799557_0_108_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Алматыда беш чет элдик жаран пландаштырган террордук чабуул токтотулду. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

«2025-жылдын сентябрында Алматы шаарында Улуттук коопсуздук комитети тарабынан беш чет өлкөлүк жаран пландаган террористтик чабуул даярдоо этабында токтотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, бардык шектүүлөр камакка алынган. Соттук териштирүү иштери уланууда.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, соңку эки айда терроризмди пропагандалоого шектелип сегиз казакстандык кармалып, алтысы террористтик жана экстремисттик кылмыштар үчүн түрдүү мөөнөттөргө соттолгон.

Жалпысынан быйыл терроризмге байланыштуу беренелер боюнча 89 адам жоопко тартылып, алардын алтоо чет өлкөлүк жарандар.