Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан ”Көчмөн цивилизациялары: мурасы, парадигмалары жана келечеги“ аттуу эл аралык илимий конференцияда AlmaU университетинин президенти, профессор Асылбек Кожахметов (Казакстан) баяндама жасап, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маанисине токтолду.
Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спортту, салт-санааны, илимди жана маданияттар аралык диалогду бириктирген эл аралык маданий-гуманитардык аянтча болуп саналат.
”Көчмөн цивилизацияларынын тарыхый мейкиндиги кылымдар бою ар түрдүү элдердин, маданияттардын, тилдердин жана салттардын өз ара байланышына шарт түздү. Көчмөндөрдүн тынымсыз кыймылы жана ачыктыгы соода-сатыктын, дипломатиялык байланыштардын, маданий алмашуунун жана тынчтыкта жанаша жашоонун өнүгүшүнө өбөлгө болгон.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул цивилизациялык тажрыйбанын заманбап уландысы”, — деди Асылбек Кожахметов.
Анын белгилешинче, оюндардын өзгөчөлүгү салттуу спорттун түрлөрүн маданият, музыка, кол өнөрчүлүк, фольклор, этнография жана көчмөн элдердин мурасын илимий изилдөө менен айкалыштырууда.
Баяндамада ат чабыш, күрөш, жаа атуу сыяктуу салттуу спорт түрлөрүнүн маанисине да көңүл бурулду. Алар көчмөн элдердин жашоо образын жана дүйнө таанымын чагылдырып, маданий мурастын маанилүү бөлүгү болуп саналары белгиленди.
Ошондой эле профессор көчмөн элдердин оозеки мурасынын маанилүүлүгүн белгилеп, манасчылардын, жыраулардын, жырчылардын жана төкмө акындардын тарыхый эстутумду сактоодогу жана билим менен баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп берүүдөгү ролуна токтолду.
Анын айтымында, бул багытта кыргыздын ”Манас” эпосу жана манасчылык өнөрү, ошондой эле айтыш коомдук диалогдун өзгөчө формасы катары маанилүү орунду ээлейт.
”Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы негизделгенден бери анын эл аралык мааниси кеңейип келе жатат. Бүгүнкү күндө оюндар салттуу мурасты сактоо менен катар ар түрдүү элдердин ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүүгө да өбөлгө түзүүдө”, - деди ал.
Профессордун пикиринде, Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт, маданият жана илимди бириктирип, ачыктык, өз ара урматтоо, маданий көп түрдүүлүк жана тынчтыкта жанаша жашоо баалуулуктарын бекемдөөгө шарт түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болууда.