Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Казакстандын Астана шаарында жасалма интеллект-камералар окуучулардын агрессивдүү жүрүм-турумун аныктайт. Мындай видеокөзөмөл шаардын Есиль районундагы №107 мектепке коюлганын Kazinform кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, долбоор сентябрдан тарта эксперименталдык негизде ишке киргизилген. Бул үчүн мектеп Protector AI компаниясы менен келишим түзүп, жаңы жабдуулар орнотулган. ЖИ системасы ар кандай окуяларга ыкчам чара көрүүгө жардам берет. Камералар окуучулардын агрессивдүү жүрүм-турумун, мектеп эрежелеринин бузулушун жана балдар арасындагы мүмкүн болгон зомбулук учурларын аныктайт. Мындай учурларда видеожазуу автоматтык түрдө мектеп директоруна жөнөтүлөт.
Мектеп директорунун айтымында, конфликт же балага карата агрессия болсо, система аны дароо аныктап берет. Андан кийин ата-энелер чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
“ЖИ-камералар андан сырткары, окуучулардын эмоционалдык абалын да талдайт. Эгер система бир нече ирет агрессивдүү жүрүм-турумду каттаса, ал бала менен кошумча иш жүргүзүлөт. Аны менен мугалимдер жана психологдор маектешип, тренингдерди өткөрүшөт”,-деген ал.