Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын жүрүшүндө жаңы парламентти "Курултай" деп атоону сунуштап, анын түзүмүнүн негизги параметрлерин белгиледи, — деп билдирет Kazinform агенттиги.
Мамлекет башчысы депутаттардын санын көбөйтүүнүн кажети жок экенин жана парламентте чыныгы мекенчилдер менен жогорку квалификациялуу адистер иштеши керектигин баса белгиледи.
"Мандаттардын жалпы саны 145 болушу керек. Төраганын орун басарларынын саны — үчөө, ал эми комитеттердин саны сегизден ашпоого тийиш", — деди президент.
Жаңы парламент беш жылдык мөөнөткө шайланат.
Токаев парламенттин жаңы түзүмү мыйзам чыгаруу органынын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылып, өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелерине көңүл бурууга мүмкүндүк берээрин белгиледи.
Учурда Казакстанда эки палаталуу парламент — Мажилис жана Сенат иштейт. Күзүндө президент бир палаталуу тутумга өтүүнү колдой тургандыгын билдирип, мындай реформа Конституциянын бир нече бөлүмдөрүн кайра карап чыгууну талап кыларын белгилеген. Бул маселе боюнча өлкөдө референдум өткөрүү пландалууда.