Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Казакстандын жаңы Конституциясынын толук тексти аудио жана видео форматтарда жеткиликтүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Конституциялык сотунун маалыматына таянып Казинформ билдирди.
Казакстанда жаңы Конституциясы күчүнө киргенине байланыштуу Конституциялык сот анын текстинин толук аудиоверсиясын мамлекеттик жана орус тилдеринде даярдады.
Ошондой эле Конституциялык соттун социалдык тармактардагы расмий баракчаларында Конституциянын толук видеоверсиясы жарыяланды.
Долбоор жарандардын Баш мыйзамга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Аудио формат өзгөчө көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн, ошондой эле маалыматты угуу аркылуу кабыл алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу.
Белгилей кетсек, апрель айында Улуттук китеп күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында көрүүсү начар жана аз камсыз болгон жарандар үчүн республикалык китепканада Казакстандын жаңы Конституциясынын казак жана орус тилдеринде Брайль арибинде жана аудио форматта даярдалган нускасынын бет ачары өткөн.