Казакстанда төрөлүү азайды

Борбор Азия Загрузка... 28 Февраль 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-02-28 at 13.34.08.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында министр Акмарал Алназарова 2025-жылдын башына карата Казакстандын калкынын саны 1,3 пайызга өсүү менен 20,3 млн адам экенин, бирок төрөлүү көрсөткүчү 6,2 пайызга азайганын билдирди. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Казакстанда акыркы жыйырма жылда төрөлгөндөрдүн жашоо узактыгы 9,7 жашка өсүп, 75,1 жашты түзгөн.

“Бирок биз жашоонун узактыгынын олуттуу гендердик айырмасына туш болуп жатабыз. Аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен 8 жылга көп жашашат. 2023-жылы эркектердин жашоо узактыгы 71 жашты, аялдардыкы 79,1 жашты түздү”,-деп белгилеген министр.