Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Күн мурун Казакстандын Улытау облусундагы шахтадагы кырсыктан 7 адам каза тапты. Бул тууралуу “КазТАГ” агенттиги кабарлады.
Агенттиктин маалыматына ылайык, “Казахмыс Корпорациясы” ЖЧКсынын Жомарт шахтасында тоо тектери урап түшкөн. Окуянын кесепетинен 7 жумушчу урандылардын астында калган.
“Окуя болгон жерге кинологдор, Кырсык медицинасы борборунун адистери жана Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жөнөтүлдү. Премьер-министр Олжас Бектеновдун тапшырмасы менен Улытау облусунун Жанааркин районундагы шахтадагы кырсыктын себептерин иликтөө жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча атайын комиссия түзүлдү”,-деп айтылат маалыматта.