Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Казакстанда чет элдик туристтерге коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында QR-коду бар атайын туристтик карталар колдонууга берилди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен маалымдады.
Маалыматка ылайык, туристтик карталар өлкөгө кирген чет өлкөлүк жарандарга чек арадан өтүү маалында берилет. Тагыраагы, Астана жана Алматы шаарларындагы эл аралык аэропорттордо жана Түркстан облусундагы Капланбек чек ара бекетинде таркатылат.
Картанын негизги максаты – туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөдөгү туризм инфраструктурасын жакшыртуу. QR-код аркылуу төмөнкү маалыматтарга жетүүгө болот:
- “102” кызматына SOS функциясы менен шашылыш байланышуу боюнча нускама;
- каттоо жана миграциялык көзөмөл тууралуу эскертүүлөр;
- такси кызматтарынын тизмеси жана орточо тарифтер;
- SIM-карталар жана мобилдик операторлор тууралуу маалымат.
Мындан тышкары, туристтер үчүн Safetravel.kz мобилдик веб-сайты иштей баштады. Анда ар түрдүү кызматтар жана кеңештер камтылган.
Казакстандын ИИМ билдиргендей, бул демилге туристтердин өзүн өлкөдө коопсуз жана ишенимдүү сезүүсүнө өбөлгө түзүп, оң жыйынтыктарын берет.