Казакстанда электросамокаттарды тротуарда айдоого тыюу салынды

Борбор Азия 25 Август 2026 15:20
736182169_3896344560508714_4515562682087718215_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Казакстанда 25-августтан тартып электросамокаттардын тротуарлар жана жөө адамдар өтүүчү жолдор менен жүрүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Жаңы талаптар жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу киргизилди. Эми электросамокат айдоочулары веложол же веложол тилкеси бар болсо, ошол жол менен гана жүрүшү керек. Алар жок учурда жол кыймылынын эрежелерине ылайык, жолдун оң четинде же жолдун жээгинде жүрүүгө уруксат берилет.

Ал эми жолдун жүрүүчү бөлүгүнө 18 жаштан жогорку, тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар жана коргоочу каска кийген адамдар гана чыга алат. Караңгы убакта жарыкты чагылдыруучу элементтерди колдонуу талап кылынат.

Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү тилкеден өткөндө самокаттан түшүп, аны жөө жетелеп өтүү керек. Жүрүп баратып жүргүнчү ташууга жана рулду кармабай телефон колдонууга тыюу салынат.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, жыл башынан бери электросамокат айдоочуларынын күнөөсү менен 47 жол кырсыгы катталып, ал эми мындай транспорт каражаттарынын айдоочуларын унаа сүзүп кеткен 145 учур катталган. Жаңы чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.