Казакстанда бассейнде 14 адам хлорго ууланды

Борбор Азия Загрузка... 14 Июль 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-07-14 at 08.50.55.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Күн мурун Казакстандын Атырау облусунда бассейнде 14 адам хлорго ууланды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, 14 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Үчөө ооруканага жаткырылып, учурда алардын абалы туруктуу. Калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аким облустун аймагындагы бардык бассейндер менен аквапарктарды текшерүү тапшырмасын берди.