Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Казакстан Тынчтык кеңешине уюмдун уставында ыктыярдуу деп көрсөтүлгөн 1 млрд доллар өлчөмүндөгү каржылык төгүмдү төлөбөстөн кирди. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тынчтык кеңешине кирүү үчүн мамлекеттин суверендүү чечими гана талап кылынат.
"Мүчө болгон учурдан тартып мамлекеттин кеңеште болуу мөөнөтү үч жылды түзөт. Уставда айтылган 1 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү ыктыярдуу төгүм мүчөлүк үчүн шарт болуп эсептелбейт. Бул — ар бир катышуучунун укугу. Эгерде мындай төгүм биринчи жылдын ичинде ишке ашырылса, мамлекет кеңештеги мөөнөтүн белгиленген үч жылдан узартуу мүмкүнчүлүгүн алат. Казакстан Тынчтык кеңешине эч кандай каржылык төгүмсүз кирди, бул уставдын жоболоруна толугу менен шайкеш келет", — деп белгиленет маалыматта.
Эскерте кетсек, 22-январда президент Касым-Жомарт Токаев АКШ президенти Дональд Трамптын демилгеси менен түзүлгөн Тынчтык кеңешинин уставына кол койгон.