Казакстан мектептеринде жасалма интеллектти 1-класстан окутуу пландалууда

Борбор Азия Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 14:30
3iStock-1435014643.jpg.(1000x1000x1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Казакстанда мектеп окуучуларына жасалма интеллекттин негиздерин 1-класстан баштап окутуу пландалууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Казакстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп программалары жасалма интеллекттин өнүгүүсүн эске алуу менен жаңыланууда.

Ага ылайык, 1-4-класстардагы "Санариптик сабаттуулук" сабагы "Санариптик сабаттуулук жана жасалма интеллект", ал эми 5-11-класстардагы "Информатика" сабагы "Информатика жана жасалма интеллект" деп өзгөртүлөт.

Башталгыч класстарда окуучулар жасалма интеллект менен күнүмдүк жашоодогу жөнөкөй мисалдар аркылуу таанышып, санариптик коопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо жана интернеттеги жоопкерчиликтүү жүрүм-турум боюнча билим алышат.

Мектеп предметтеринин мазмунуна жасалма интеллектке байланыштуу 43 окуу максаты киргизилип, мугалимдер үчүн аны билим берүүдө коопсуз жана натыйжалуу колдонуу боюнча усулдук сунуштар даярдалууда.