Казак элинин белгилүү акыны Мухтар Шаханов дүйнө салды

Борбор Азия Загрузка... 20 Апрель 2026 09:05
101f6cfc-2213-4a36-bec2-01ce09728efb.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26 /Кабар/. Казак элинин көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.

Ага ылайык, акын буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду.

Алп акын Мухтар Шаханов 1942-жылы Түркстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Анын 30дан ашык поэтикалык китептери жарык көрүп, чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Ошондой эле ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен биргеликте “Аскада калган аңчынын ыйы” эссесин жана “Сократты эскерүү түнү” пьесасын жазган. Бул чыгармалар театрлардын сахналарында ийгиликтүү коюлган.

Мухтар Шаханов Казакстандын жана Кыргызстандын эл акыны болуп, эгемендүүлүк жылдарында казак тилинин жана улуттук руханий мурастын коргоочу катары салымын кошкон.

2022-жылы Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев акынга “Казакстандын эмгек баатыры” наамын ыйгарган.