Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Франциянын түштүгүн аномалдуу ысыктан улам токой өрттөрү каптады, деп жазды Казинформ Euronews агенттигине шилтеме берип.
Бийликтин маалыматы боюнча, аптаптуу ысык башталгандан бери өрт 9 миң гектарга жакын жашыл аянтты жок кылды, анын ичинен миң гектардан ашыгы ушул аптанын ортосунан бери күйүп жатат.
Euronews телеканалы жазгандай, өрттүн очогу Эро, Од жана Буш-дю-Рон департаменттеринде катталган.
Эң ири өрт Испания менен чек арага жакын жерде тутанып, жалын 900 гектарга жакын аянтты каптаган. Кырсык болгон аймакта 800дөн ашык өрт өчүрүүчү иштеп жатат, бирок катуу шамал жана жердин тоолуу болушу өрттү өчүрүүнү татаалдаштырып, жердеги техникаларды колдонууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
Ошондой эле Марселдин четинде өрттүн эки ири очогу пайда болуп, 250 гектар аянтка жайылган. Бир аз түштүгүрөөк жайгашкан Роньяктагы өрт толугу менен көзөмөлгө алынды, ал жерде 40 гектар токой күйүп кеткен.
Мындан сырткары, Каннга жакын жерде жалын жакындап калгандыктан, кемпингдерден 2 200 адам эвакуацияланды. Бул жердеги өрт менен күрөшүүгө 250 өрт өчүрүүчү, жердеги техникалар жана авиация – Canadair учактары менен атайын тик учактар тартылган.
Өрт өлкөнүн экинчи четинде – Франциянын түндүк-батышындагы Финистерде да тутанып, ал жерде ондогон гектар токой жок болду.