Катарда мурдагы эмирдин каза болгонуна байланыштуу 4 күндүк аза күтүү жарыяланды

Дүйнө Загрузка... 13 Июль 2026 16:45
WhatsApp Image 2026-07-13 at 14.06.33.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Катарда мурдагы эмир шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу 14-июлдан тарта төрт күндүк жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу QNA агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, бардык министрликтерде, мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда иш 2026-жылдын 13-июлу, дүйшөмбү күнүнөн баштап убактылуу токтотулат, ал эми кызматкерлер жумушка 2026-жылдын 19-июлу, жекшемби күнү кайтып келишет.

Аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлөт.

Буга чейин Катардын мурдагы эмири шейх Хамад бен Халифа Аль Тани дүйнөдөн кайткандыгы маалымдалган.