Касымалиев өлкөнүн кышка карата даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети 9 октябрь 2026 18:45
6ac8dda6d9c28-thumb.jpeg
6ac8dda34a48b-thumb.jpeg
6ac8ddac029c5-thumb.jpeg
6ac8ddaf9943d-thumb.jpeg
6ac8ddbeb8452-thumb.jpeg
6ac8ddbec1a1f-thumb.jpeg
6ac8ddbf5547d-thumb.jpeg
6ac8ddc03ce31-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ac8dda6d9c28-thumb.jpeg
6ac8dda34a48b-thumb.jpeg
6ac8ddac029c5-thumb.jpeg
6ac8ddaf9943d-thumb.jpeg
6ac8ddbeb8452-thumb.jpeg
6ac8ddbec1a1f-thumb.jpeg
6ac8ddbf5547d-thumb.jpeg
6ac8ddc03ce31-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. 

Отурумда суу энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер; муниципалдык жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды кышка даярдоо жөнүндө, анын ичинде отун менен камсыздоо, каржылоо жана оңдоо иштери; бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, анын ичинде отун менен камсыздоо жана ремонт иштери; ошондой эле калкты көмүр менен камсыздоо жана көмүргө болгон баалар боюнча маселелер каралды.

Жылытуу мезгилине карата аткарылган иштер жана даярдыктар боюнча Энергетика министрлигинин, Бишкек жана Ош шаарларынан мэрияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн баяндамалары угулду. 

Маселен, электр энергиясын өндүрүү жана керектөөдө 2026-жылга карата республика боюнча электр энергияны керектөөнүн көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВтс өзүбүздөн иштеп чыгарылат. Калган бөлүгүн, суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында 4,1 млрд кВтс электр энергиясы импорттолот. 

Бул багытта минкаб төрагасы Энергетика министрлиги, энергетикалык ишканалар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоону камсыз кылуу боюнча көзөмөл жана чараларды көрүү, калк арасында энергияны үнөмдөө зарылдыгы жана алдыдагы жылытуу мезгилинде энергияны пайдалануунун тартибин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. 

Ал эми, көмүр боюнча бюджеттик мекемелер тарабынан 319,4 миң тонна көмүр камдалышы керек. Бишкек, Ош шаарларынын ЖЭБдерин отун менен камсыздоо иштери план боюнча аткарылууда. 

Калк тарабынан жылдык керектөө 1483,63 миң тонна көмүрду түзөт. Отун базаларда көмүр болгону менен элдин көмүр сатып алуусу боюнча көрсөткүч төмөн экендиги айтылды. Маалым болгондой, көпчүлүк жарандар көмүрдү күн сууктаганда сатып ала баштайт. Ошол себептүү, бир учурда суроо-талап көбөйүп, кезек күтүүлөр, көмүрдүн тартыштыгы жана баанын өсүшү боюнча нааразычылыктар жаралбашы үчүн – калк көмүрдү өз убагында, жетиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада сатып ала турган шарт түзүү тапшырмалары берилди. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун соңунда министрлердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин, акимдердин, муниципалдык ишканалардын жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин күз-кыш мезгилинин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу боюнча жеке жоопкерчилигин белгилеп, 2026-2027-жылдардын жылытуу мезгилине каралган бардык иштерди бекитилген графиктерге ылайык өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.