Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Биримдик кербенин” салтанаттуу тосуп алуу аземине катышты.
Иш-чара Кырчын жайлоосундагы “Кут Ордо” негизги сахнасында өтүп, анда республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербенин салтанаттуу тосуп алышты.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүнкү күндө спорттук мелдештин алкагынан чыгып, дүйнө элдерин бириктирген, тарыхый-маданий мурастарды тааныткан маанилүү эл аралык аянтчага айланганын белгиледи.
“Бүгүн Ысык-Көлдө дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринен келген коноктордун башын бириктирген чоң майрам өтүп жатат. Көчмөндөрдүн улуу цивилизациясын даңазалаган бул жерге келгенде, ата-бабаларымдын дүйнөсүнө келгендей таасир калтырды.
Көз жоосун алган кол өнөрчүлүк буюмдары, боз үйлөр, тулпарлар, элдик оюндар — мунун баары кылымдар бою муундан-муунга өтүп келген баа жеткис мурасыбыз. Кийиз басуу, шырдак шыруу сыяктуу кол өнөрчүлүк өнөрлөрүбүз кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана жашоо образын чагылдырат.
Ат адамдын канаты. Ата-бабаларыбыз ат үстүндө эр жетип, ат жалында ойноп, өзүнүн эркин жашоо образын калыптандырган. Бүгүн биз ошол улуу мурастарыбызды дүйнөгө көрсөтүп жатабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул — элдерди жакындаткан, достукту бекемдеген, тарыхыбызды, маданиятыбызды жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды бириктирген дүйнөлүк майрам”, — деди Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле “Биримдик кербени” дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөөгө багытталганын белгиледи.
“Көчмөндөрдүн улуу майрамына кош келиңиздер! Бүгүн Ысык-Көл дүйнө элдеринин башын бириктирген достуктун жана биримдиктин борборуна айланды”— деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.