“КАСКО-Extra” камсыздандыруусу кандай иштейт?

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-06-25 at 17.44.56.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму март айында “КАСКО-Extra” камсыздандыруу полисин иштеп чыккан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Эгер ОСАГО полиси экинчи тарапка келтирилген зыянды жаап берүүгө жардамга келсе, “КАСКО-Extra” жарандын өзүнүн унаасын калыбына келтирүүгө жардам берет.

Бул полистин баасы 2 миң сомду түзөт. Бирок, мында бир шарт каралган. “КАСКО-Extra” камсыздандыруусун аталган суммага алуу үчүн аны ОСАГО полиси менен бирге алуу зарыл болот. Эки учурда тең жарандарга 150 миң сомго чейин кенемтелер төлөнүп берилет.

Белгилей кетсек, аталган полистен сырткары “КАСКО Эконом” полиси иштелип чыккан. Анын баалары төмөндөгүдөй:

S пакети

  • Баасы: жылына 7 000 сом;
  • Камсыздандыруу төлөмү: 200 000 сомго чейин.

M пакети

  • Баасы: жылына 8 750 сом;
  • Камсыздандыруу төлөмү: 250 000 сомго чейин.

L пакети

  • Баасы: жылына 10 500 сом;
  • Камсыздандыруу төлөмү: 300 000 сомго чейин.

Келишим 6 айдан 1 жылга чейин түзүлүп, камсыздандыруу коргоосу Кыргызстандын аймагында колдонулат.