Карылар коомдук жашоонун активдүү катышуучулары болушу керек – эксперт

Коом
Карылар коомдук жашоонун активдүү катышуучулары болушу керек – эксперт
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда улгайган адамдарды социалдык колдоонун алуучулары катары гана эмес, коомдук жана экономикалык жашоонун толук кандуу катышуучулары катары да кароо зарыл. Бул тууралуу Бишкекте өткөн "Кыргызстанда калктын улгайышы жана жакырчылык" аттуу аналитикалык серептин презентациясында эксперт Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан салттуу түрдө жаш калктуу өлкө катары эсептелет. Ошол эле учурда улуу муундун потенциалын жана алардын өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн да эске алуу маанилүү.

"Экинчи демографиялык дивиденд — бул биз улгайган калкты тең укуктуу өнөктөштөр катары карап, алардын өлкөбүздүн социалдык жана экономикалык жашоосуна активдүү катышуусунан пайда алуу мүмкүнчүлүгү", — деп белгиледи ал.

Эксперт аналитикалык сереп учурдагы көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктоого, ошондой эле мамлекет тарабынан кошумча инвестицияларды жана көңүл бурууну талап кылган багыттарды белгилөөгө мүмкүндүк берерин айтты.

Ошондой эле ал карыларды колдоо жана улгайган адамдарга ыңгайлуу шаарларды өнүктүрүү боюнча башка өлкөлөрдүн, атап айтканда, Казакстан менен Армениянын тажрыйбасын изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Нестан Ибраева