Каркыра жайлоосу: Тянь-Шань тоолорунун кереметине, турналар жана уламыштар өлкөсүнө саякат

Туризм Загрузка... 12 Август 2025 16:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстандын түндүк-чыгышында, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан бийик тоолуу Каркыра жайлоосуна жетүү эми ыңгайлуу болду. Быйыл жайлоого алып баруучу жол толугу менен реконструкциядан өтүп, туристтердин, малчылардын жана жергиликтүү тургундардын каттоосу бир топ жеңилдеди.

WhatsApp_Image_hw6Fqbi.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Булуттарга жол

Мындан бир нече жыл мурун Каркырага баруучу жол чоң кыйынчылыктарды жаратчу. Шагыл төшөлгөн бөлүктөр, тик чокулар жана аска-зоолор жол кыймылын жайлатып, айдоочуларды бир топ убарага салган. Бүгүнкү күндө болсо жаңы асфальт жол өрөөндү аралап, эңкейиштердин арасынан өтүп, Ысык-Көлдөн Каркырага болгону бир-эки саатта автоунаа менен жетүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Жол жээгине орнотулган белгилер, туристтик аялдамалар саякатчылар үчүн ыңгайлуулуктарды түзүп, жаратылыш кооздугу менен сүрөткө түшүүгө шарт түзүүдө.

WhatsApp_Image_SbKni0X.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Тоо арасындагы оазис

Каркыра бул жөн гана жайлоо эмес, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан кең, жашыл өрөөн. Жай мезгилинде бул жерде чабандар боз үй тигип, жылкы, кой жана топоз багышат. Жергиликтүү тургундар меймандарды жылуу тосуп алып, кымыз, ысык боорсок сыяктуу улуттук даамдар менен сыйлашат.

Каркырадан кар баскан Хан-Теңиринин жана Жеңиш чокусунун ажайып көрүнүшү ачылат. Асман тиреген зоолор дүйнөнүн булуң-бурчунан келген альпинисттерди өзүнө тартып келет. Жайында бул өрөөндө ат минүү турлары, жөө саякаттар жана этникалык фестивалдар өткөрүлөт.

WhatsApp_Image_tTmPGrx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Түп токой чарбасынын Каркыра жана Чаар-Кудук бөлүмдөрүнүн токойчусу Улан Бектенов Каркыра жайлоосу эң кооз жерлердин бири, көздү сүйүнткөн накта бермет экенин белгиледи.

“Бул жерде биз тазалыкты жана экологияны сактоо багытында үзгүлтүксүз иш алып барып жатабыз. Каркыраны мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча бир топ пландарыбыз бар. Жакында эс алуучулардын ыңгайлуулуугу үчүн токойдун ичинде дааратканалар орнотулат. Ошондой эле таштанды контейнерлерин даярдап жатабыз, апта сайын таштандыларды чыгарып туруучу унаа келет. Өлкө башчы Садыр Жапаров Каркырага келгенде унаалардын жашыл жана калың чөп өскөн аймактарга кирүүсүнө жол бербөөнү тапшырган. Бул талапты эс алуучуларга дайыма эскертип турабыз. Жакын арада жайлоонун ичинде унаа токтотуучу атайын жайлар да курулат. Мурда мындай туристтик агым болгон эмес. Жол курулгандан кийин Каркырага жетүү жеңилдеп, келгендердин саны кескин өстү.

WhatsApp_Image_4ysb0o7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Чынын айтканда, мындай көп конок келет деп күткөн эмеспиз. Мындан тышкары, Каркыранын ары жагындагы чоң жайлоолорго дагы асфальт жол салуу пландалууда. Азыр туристтер келип, тоонун карагайларына, дарыяларына жана кооз жаратылышка суктанып жатышат. Биз бардык эс алуучулардан бир гана нерсени суранабыз. Ар бир адам тазалыкты сактап, эс алгандан кийин жыйнап, тазалап кетишсе жакшы болмок. Эл жардам бербесе, анда тазалыкты камсыздоодо кызматкерлер жетишпейт экен. Жаратылышыбызды бирге коргойлу”, - деп баса белгиледи Бектенов.

Каркыра - уламыштардын жери

Уламыштарга караганда, “Каркыра” аталышы бул өрөөндүн үстүнөн жыл сайын жаз-күз айларында учуп, Сибирь менен Индиянын ортосунда миңдеген чакырымдарды басып өтүүчү турналар менен байланыштуу. Илгери-илгери бул жерде Каркыра аттуу сулуу кыз жашаган экен. Ал бай жоокердин келини болсо да, жүрөгү жөнөкөй койчуга таандык болгон. Бул тууралуу уккан күйөөсү келинди күчтөп алып кетүүнү буйруйт. Бирок сүйүктүүсүнөн ажырагысы келбеген Каркыра кудайдан эркиндик сураган дешет. Анын муңун угуп, кызды турнага айландырып, асманга учуруп жиберишет. Ошондон бери бул өрөөн аркылуу учуп өткөн ар бир турна ошол кайгылуу сүйүүнүн символу катары элестетилип, өрөөн “Каркыра” деп аталып калган дешет.

WhatsApp_Image_nhoslzt.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Туризм жана өнүгүү

Жаңы жолдун курулушунун аркасында Каркыра экологиялык жана этнотуризмдин негизги борборлорунун бири болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул аймакта азыр боз үй лагерлери иштеп, улуттук тамак-аш жасоо боюнча мастер-класстарга катышуу, ат минүү сыяктуу туристтик кызматтар сунушталууда. Каркыранын Казакстан менен чек арага жакындыгы Ысык-Көлдүн жээгинен баштап Хан-Теңиринин этегине чейин биргелешкен каттамдарды өнүктүрүүгө да шарт түзөт.

Каркыра токой чарбасына караштуу Чаар-Кудук жайлоосунда жерди ижарага алып, туристтерди кабыл алып жаткан тургун Дилбара Азалиеванын айтымында, келгендердин саны жылдан жылга өсүүдө.

WhatsApp_Image_bO5R1kq.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

“Мурун да туристтер келчү, бирок быйылкыдай көп эмес. Себеби азыр жол салынып бүтүп, Каркырага жетүү кыйла жеңилдеди. Адамдар бул жаратылышка суктанып, айрымдары аны Швейцария менен салыштырышат. Бул жер укмуш кооз, абасы таза, жолдору жакшы,” дешет. Араб өлкөлөрүнөн келген коноктор да көбөйдү. Алар дарыянын боюнда отуруп, жаратылышты суктануу менен карашат. Мурда август айында тынчыраак болчу, быйыл болсо эс алуучулар аябай көп. Президент өзү келип, элди жаратылышты коргоого жана тазалыкты сактоого чакырган. Биз, чынында эле, суктанбай коюуга мүмкүн болбогон керемет жерде жашайбыз”, - дейт Дилбара Азалиева.

WhatsApp_Image_NZ4HUXI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Каркыра жайлоосундагы Туз-Көктү аймагынын тургуну, активист Ашырмат Мырзабек айрым эс алуучулардын жаратылышка шалаакы мамилеси, таштанды таштап кетип жатканы өкүнүчтүү.

WhatsApp_Image_eow6gb1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

“Мен жеке өзүм тазалыкты көзөмөлдөөгө аракет кылам. Жаратылыш бул жердеги башкы байлык болгондуктан, аны баштапкы абалында сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз. Ижарачылар менен бирге ажатканаларды орнотуп, тазалоо иштерин жүргүзөбүз. Таштандыларды чогултуп, чыгарууга шарт түзүлдү. Азыр таштанды ташуучу унаа жумасына бир жолу келип турат. Жакында президент өзү келип, жыйын өткөрүп, автоунааларды чөп баскан жерлерге же токойго айдабагыла деп катуу эскертти. Биз да эс алуучуларды өзүн таза алып жүрүүгө, унааларын туура жерге токтотууга чакырып жатабыз. Бирок, тилекке каршы, айрымдары мындай эскертүүлөрдү этибарга алышпайт. Карагайларды отун үчүн кыйып жаткандар да кездешет. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Биздин ата-бабаларыбыз бул аймактарды кылымдар бою аяр сактап келген. Демек, келечек муундарга да ошол мурастарды таза бойдон калтыруу - баарыбыздын жоопкерчилигибиз. Жаратылышка сый жана камкор мамиле кылышыбыз керек”,-деди ал.

DSC_9618.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Качан баруу керек?

Каркырага баруунун эң жакшы мезгили июнь айынын аягынан сентябрдын башына чейин. Бул учурда өрөөн жапайы гүлдөргө оролуп, дарыялар мөңгү суусуна толуп, күндүз абанын температурасы +20…+25°C тегерегинде сакталып турат.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 12.49.08.jpeg

Эске сала кетсек, өткөн дем алыш күндөрү президент Садыр Жапаров Каркыра жайлоосуна барган.

“Мен өлкөнүн бардык аймактарындагы жайлоолорду (жайкы жайыттарды) кыдырып чыгам. Бир эле Каркырада эмес, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң Алай бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, каршы-терши жолдорду пайда кылып салышкан. Анысы аз келгенсип, жайлоолор такыр боло баштаган. Себеби 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себүү иштери таптакыр болгон эмес. 4-5 жылдан бери жайлоолорго урук себүү иштери жүргүзүлүп келе жатат.

WhatsApp_Image_lf1VW6y.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорго урук себүү мүмкүн эмес. Бери дегенде 15-20 жыл керек болот. Себеби урук себилген жер мал жайылбай, бир эки жыл эс алып туруш керек. Малдын саны да абдан көбөйүп кеткен. Ошондуктан урматтуу жайлоочулар, ар бириңер жайлоого барган турист болобу же өзүңөрбү жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле. Техника менен негизги жолдордон чыкпагыла.

Жайлоолорду өз бакчаңардай коргогула. Келечекке, балдарыңарга жакшынакай жайлоолорду калтырып кеткиле. Кайдыгер болбоңуздар", - деген президент.