Караколдо ок атуучу куралдар сакталган жашыруун жай табылды

Укук тартиби Загрузка... 12 Февраль 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги шаарчасында курал-жарактар катылган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо жүргүзүү учурунда төмөнкүдөй курал-жарактар жана ок-дарылар табылып, алынган:

  • 1 даана 12 калибрлүү октолгон кесилген мылтык (обрез) ;
  • 1 даана «ПМ» үлгүсүндөгү согуштук тапанча (8 огу менен);
  • 1 даана колго жасалган согуштук револьвер (2 огу менен);
  • 1 даана травматикалык тапанча (3 огу менен);
  • Тиешелүү ок-дарылар (12 калибрлүү мылтыкка 5 ок, «ПМ» тапанчасына 26 ок);
  • Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формасы.

Ыкчам маалыматтар боюнча, аталган жашыруун жай мурда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү экспертизалар дайындалды.