Каракол лыжа базасында казакстандык жаран каза тапты

Кырсык Загрузка... 28 Февраль 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-02-28 at 09.24.13.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Каракол лыжа базасында казакстандык жаран каза тапты.

"Кабар" агенттигине Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, 27-февралда Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Каракол лыжа базасында белгисиз жаран лыжа тээп бара жатып башка адам менен кагылышып, каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Билдирүү Ак-Суу РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кырсыктын чоо-жайын тактаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Казакстандын 43 жаштагы Ж.В. аттуу жараны сноуборд тээп түшүп келе жатып, досу менен кагылышкан. Окуянын натыйжасында ал оор жаракат алып, ошол жерден көз жумган.

Милиция учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери уланып жатканын белгиледи.