Кара-Сууда жайыт жерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга доо коюлду

Укук тартиби Загрузка... 16 Июль 2026 12:40
КАРА СУУ.jpg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кара-Суу районунун Чыйырчык участкасында жайыт жерлерди мыйзамсыз пайдалануу боюнча эки факт аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө эки жаран уруксатсыз курулуш жүргүзүп, жалпы 107 чарчы метр жайыт жердин кыртышын бузганы белгилүү болду.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ар бирине 5 миң 500 сомдон административдик айып салынды. Ошондой эле жер кыртышын бузуу менен келтирилген зыян үчүн жалпы 39 миң 804 сом өлчөмүндө доо коюлду.