Кара-Сууда милиция кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби Загрузка... 27 Август 2025 15:05
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу РИИБдин ыкчам кызматкери Д.Т.Х. тарабынан жасалган 10 миң доллар өлчөмүндөгү алдамчылык фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын ноябрь айында Д.Т.Х. алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүүнү убадалап У.Т.М. аттуу жарандан прокурор менен тергөөчүгө берүүнү шылтоолоп 220 миң сом, 5000 рубль жана 5 500 доллар акча алган.

20-августта Кара-Суу РИИБдин Мады айылдык милиция бөлүмүнүн өздүк курамынын эрте мененки саптык тизилүүсүнүн жүрүшүндө Д.Т.Х. УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан анын катышуусунда тергөө амалдарын өткөрүү үчүн кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.