Кара-Сууда мал уурдагандар кармалды

Укук тартиби 31 март 2026 16:40
WhatsApp Image 2026-03-31 at 12.30.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 12.30.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 12.30.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-31 at 12.30.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 12.30.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-31 at 12.30.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош ОИИБ

Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда мал уурдагандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 22-мартта Кара-Суу РИИБге жабырлануучу арыз менен кайрылып, койлорун белгисиз кишилер уурдап кеткендигин айткан. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Кылмыш-жаза кодексинин "Мал уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 18, 19, 20 жаштагы үч жаран кармалып, камакка алынды.

Тергөөдө шектүүлөрдүн башка да мал уурдаган фактылары аныкталды. Анда 16 кой, 2 бодо мал уурдалгандыгы айтылды. Жабырлануучуларга келтирилген болжолдуу чыгым 820 миң сомду түзүп, анын 200 миң сому кайтарылды.

Учурда тергөө уланууда.