Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кара-Суу районундагы Каратай айылынын Үч-Колот участкасында 250 кожолукту электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жаңы электр тармактары курулууда. Бул тууралуу Ош электр тармактары ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 0,4 кВ аба чубалгысына 30 электр мамысын орнотуу жана 5 чакырым электр чубалгысын тартуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, 10 кВ аба чубалгысынын 1,2 чакырымын куруу каралган.
Долбоорду Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын үч бригадасы ишке ашырууда. Тиешелүү каражаттар жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Белгиленгендей, электр тармагын тартуу маселесин жергиликтүү тургундар Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана II Элдик курултайда көтөрүшкөн.