Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы сел коркунучу бар аймактарды жана авариялык абалдагы көпүрөнү көрүп чыкты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр Кара-Суунун Торгой-Булак айылында сел тосмосун куруу сунушталган жер тилкеси менен таанышты. Ошондой эле Машрапсай суусунун сол жээгиндеги 350 метрлик кооптуу тилкенин абалын көрдү.
Өзгөн районундагы эл менен жолугушууда Бахмал жана Бахмал-1 айылдарын бириктирген авариялык абалдагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү темир көпүрөнү капиталдык оңдоо маселеси көтөрүлдү.
Белгиленгендей, 2025-жылдын 7-апрелиндеги корутундунун негизинде Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан айыл аймагынын башчысына көпүрөнүн авариялык абалда экени тууралуу эскертүү берилген.
Канатбек Чыныбаев кооптуу тилкелерди кыдыруунун жыйынтыгында кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.