Кара-Сууда курулмалары бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 03 Апрель 2025 15:30
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.50.21.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Кара-Суу районунда курулмалары бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди, жер тилкелерин аныктоо жана менчикке кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында жер тилкеси жана андагы курулмалар кайтарылды.

Тактап айтканда, 2014-жылы Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылынын аймагында жайгашкан, мурда "Таширов атындагы өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативи" айыл чарба кооперативине таандык жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга айрым кызмат адамдары көмөк көрсөткөнү аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда тиешелүү иш-чаралар улантылууда.