Кара-Суу райондук салык кызматында коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 24 Июль 2025 15:15
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында "С.Л." ЖЧКсына карата салыктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Кара-Суу району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары А.А.М. кармалды.

2023-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары А.А.М. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "С.Л." ЖЧКсы менен биргеликте салык төлөмдөрүнөн качуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.

Тастыкталган маалыматтар ылайык, салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан. Мындай кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук МСК башкармалыгынын башчысынын орун басары А.А.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча шектүү катары айыпталды. 22-июлда Ош шаардык соту тарабынан А.А.М. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.