Кара-Кулжада жергиликтүү тургундан Кызыл китепке кирген бүркүт алынды

Укук тартиби Загрузка... 28 Январь 2026 15:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургун Кызыл китепке кирген бүркүттү өз үйүндө мыйзамсыз багып жүргөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Бул окуя боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош облустук башкармалыгынын инспекторлору NABU уюмунун жана Барс-2 тобунун кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган жаранга протокол түзүлүп, 20 миң сом айып салынган.

Кармалган бүркүт табигый чөйрөсүнө кое берилди.