Кара-Кулжада соцкызматкерлер үчүн жаңы имараттын курулушу башталды

Аймак Жүктөлүүдө... 29 Апрель 2025 13:22
FB_IMG_1745911004744.jpg
FB_IMG_1745911006451.jpg
FB_IMG_1745911009511.jpg
FB_IMG_1745911011230.jpg
FB_IMG_1745911002289.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1745911004744.jpg
FB_IMG_1745911006451.jpg
FB_IMG_1745911009511.jpg
FB_IMG_1745911011230.jpg
FB_IMG_1745911002289.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Кара-Кулжада райондук Эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага эмгек министри Равшанбек Сабиров жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана район тургундары катышты.

Жаңы имаратты куруунун максаты - эмгек, социалдык коргоо жана миграция чөйрөсүндө калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров президент СадырЖапаровдун колдоосу менен өлкөнүн ар кайсы аймактарында тогуз имараттын курулушу күтүлүп жатканын белгиледи.

"Алардын баары ар кандай заманбап талаптарга жооп берип, кызматкерлердин шарттарын жакшыртуу жана жарандарыбыздын тейлөө сапатына оң таасирин тийгизүү максатында жасалып жатат", - деди ал.