Кара-Кечеге жаңы техникалар сатып алынды

Аймак
Кара-Кечеге жаңы техникалар сатып алынды

Бишкек,03.11.26./Кабар/. Кара-Кечеге 3 жаңы жүктөгүч сатып алынды. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин 5 экскаватор сатып алынган.

Алдыда көмүрдү чоң көлөмдө ташуучу-сорттоочу комплекс келет. Ошондой эле көмүрдү жууп-тазалап, брикеттөөчү жабдууларды сатып алуу да пландалууда.

“Бул Кара-Кеченин өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, көмүр казууну көбөйтүү жана элди сапаттуу, жеткиликтүү көмүр менен камсыз кылуу жолундагы маанилүү кадам”, - деп белгилешти ишканадан.