"Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркына 13 миңден ашык көчөт тигилди

Экология 3825 03 Апрель 2026 12:25
659943533_937928592193604_2939322974351802677_n.jpg
660097345_937928552193608_7418460179131191804_n.jpg
660138212_937928485526948_193691287699242385_n.jpg
662271896_937928478860282_3096351086341828261_n.jpg
661198427_937928738860256_6294167420178114943_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районундагы "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын Бабахан тилкесинде 6,4 гектар аянтка питомник уюштурулуп, көчөт отургузуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ак кайың - 10 000 даана, колоновиддүү туя - 2 000 даана
жана көк карагай - 1 000 даана отургузулду.

Жалпы 13 миңден ашык көчөт аймактын экосистемасын сактоо жана токой ресурстарын көбөйтүү максатында тигилди..

Бул иштер жаратылыш паркынын биоартүркүндүүлүгүн сактоого жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.