Кара-Балтада маркумду сабап, короосуна көмүп койгон шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 23 Март 2026 15:45
shchzkh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Чүй облустук милициясы

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Кара-Балтада киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартта Кара-Балта шаарындагы "Южная" дачасынын аймагынан жерге көмүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган. Маркум 1993-жылы туулган Б.Н. экендиги такталды.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, 19-мартта 1988-жылы туулган Д.Р. маркум жана башка тааныштары менен баңгизат колдонуп, ортодо чыккан чырдан улам Б.Н.ни катуу сабаган. Андан соң аны такси менен өзүнүн дачасына алып барып, ал жерден ур-токмокту уланткан. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон. Шектүү кылмышын жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн короосуна көмүп, жеке буюмдарын ар кайсы жерге ыргытып жиберген.

Белгилей кетсек, кармалган жаран Д.Р. 2014-жылдан бери психиатрдын каттоосунда турат. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча тергөө иштери жүрүүдө.