Бишкек, 02.10.26 /Кабар/. Кант шаарында 5 250 ипотекалык батирдин курулушу уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Долбоорго ылайык, жалпы 150 блоктон турган жети кабаттуу турак жайлар курулуп жатат. Учурда курулуш аянтында 1 миңден ашуун жумушчу эмгектенүүдө.
Учурда фасаддык жана чатыр жабуу иштери, ошондой эле 120 блоктогу монолит жумуштары толук аяктады.
Турак жай комплексинде жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жолдор кеңири салынып, имараттардын аралыгы кенен каралган. Мындан тышкары, аймакта 750 орундуу мектеп жана бала бакча куруу пландалууда.
Комплекс өзүнүн тазалоочу канализация системасы жана суу алуучу жайы менен камсыздалат. Ар бир батирге жеке жылытуу казаны орнотулуп, унаа токтотуучу жайлар каралган. Долбоор боюнча батирлердин 90 пайызына бирден унаа токтотуучу орун туура келет.
Белгиленгендей, объектти кийинки жылы толугу менен бүтүрүп, батирлерди ээлерине тапшыруу пландалууда.