Учурга чейин Жайыт комитеттерине түшкөн акчанын үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөттөргө берилип келсе, азыр жүз пайыз жайыттарды жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын кызматкери Мыктыбек Каландаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, муниципалдык ишканалар түзүлгөнгө чейин 2023-жылдардан бери Нарын облусу менен Ысык-Көл облусунун Түп району пилоттук негизде каражатты толугу менен өздөрү алып иштеп келишкен.
“Мисалы, Нарын облусу 2022-жылы 25 млн сом акча топтогон болсо, пилоттук болуп жайыт комитетинин милдеттери муниципалдык ишканага өткөндөн кийин 50 млн сом топтоду. Мында эки эсе көп акча чогулганы көрүнүп турат. Пилоттук сыноодон кийин административдик-аймактык реформанын натыйжасында республика боюнча 215 муниципалдык ишкана түзүлүп, каттоодон өттү. Алар үчүн типтүү пландын үлгүсү иштелип чыккан. Анда айыл өкмөттөрдөгү малдын санына жараша ар бир малдын башына жайыттар үчүн төлөнүүчү акча, жайыттарды эс алдыруу, туура колдонуу эрежелери бекитилген. Түшкөн акчанын эсебинен алыскы жайыттарга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү, суу ичүүчү жайларды оңдоо үчүн план бекитилиши керек. Ар бир айыл өкмөттүн жайыт башкаруу планы бекитилгенден кийин жайыттар туура эмес пайдаланылса Укук бузуулар кодексинин негизинде чара колдонулат”,- дейт Каландаров.
Министрликтин өкүлү маалымдагандай, 2024-жылы жалпы Кыргызстан боюнча жайыттан 221 млн сом каражат топтолуп, 2028-жылга чейин Жайыттарды өнүктүрүү программасынын алкагында 10 миң чакырым жайыттын жолун оңдоо пландалган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 14-августунда Министрлер кабинети "2024–2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын" кабыл алган. Бул программа жайттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу үчүн стратегиялык документ болуп эсептелет. Анткени, буга чейин өлкөнүн жайыттарын өнүктүрүү программасы кабыл алынбай келген. Аталган программада жайыттарды туруктуу башкаруу, жайыт инфратүзүмүн калыбына келтирүү, жайыттарды эс алдыруу, которуштуруп пайдалануу сыяктуу 8 пункттан турган иш-чаралар камтылган.
Министрликтин маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда жалпы 8 млн 985 миң 813 га жайыт жер бар. Анын ичинен 139 миң 404 га жайыт деградацияга учураган.
Жайлоолорду кыдырып, жайыттардын абалын көргөн президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, бир эле Каркырада эмес, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң Алай сыяктуу бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, такыр боло баштаганын айтты.

“1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себүү иштери таптакыр болгон эмес. Акыркы 4-5 жылдан бери жайлоолорго урук себүү иштери жүргүзүлүп келе жатат. Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорго урук себүү мүмкүн эмес. Бери дегенде 15-20 жыл керек болот. Себеби, урук себилген жер мал жайылбай, бир эки жыл эс алып туруш керек. Малдын саны да абдан көбөйүп кеткен. Ошондуктан урматтуу жайлоочулар, ар бириңер жайлоого барган турист болобу же өзүңөрбү жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле. Техника менен негизги жолдордон чыкпагыла. Жайлоолорду өз бакчаңардай коргогула. Келечекке, балдарыңарга жакшынакай жайлоолорду калтырып кеткиле. Кайдыгер болбоңуздар”, - деп жазган президент.

Белгилүү болгондой, 2023-жылы жалпы 10 миң га кунарсыз жайытка 94 миң 490 кг жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилген. Жайыттарды жакшыртуу үчүн 2024-жылдын кеч күзүндө жана 2025-жылдын эрте жазында жалпы 15 миң 331 га кунарсыз жайытка 230 миң 965 кг жайыт чөптөрүнүн жана эспарцеттин аралашмасы себилген. Маалыматка ылайык, монторингдин жыйынтыгы менен шиберлер 80 пайыздан жогору өнүп чыккан. Быйыл 173 миң 292 кг кылкансыз кызыл от, таракбаш, шалбаа бетегеси, эспарцет жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатылып алынып 9 миң 627 га жайыттарга кеч күздө себилет.

Ал эми 2024-жылы 371 миң 731 га, 401 миң 398 га жайыттар эс алууга калтырылганын министрликтен билдиришти. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу 29 667 га көп калтырылган. Себеби, атайын министрликтин буйругунун негизинде жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлерине мал жаюуга чектөө киргизилген.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Аалы Карашевдин пикиринде президент жайыттарды эффективдүү пайдалануу, сапатын көтөрүү боюнча учурдагы эң маанилүү маселени көтөрдү.

“Мисалы, советтер союзу учурунда ар бир колхоз, совхоздордо 50, 60 миңден кой-эчки, ири мүйүздүү мал бар эле. Бирок, жайыттарды пландуу түрдөө өтө сарамжалдуу пайдаланышкан. Алсак, миң гектар жерге канча баш малды киргизсе болоору аныкталган атайын нормалары бар болчу. Тилекке каршы союз тарагандан кийин 1990-жылдардын аягында өлкөдө 2,5 – 3 миллионго жетпеген кой-эчки калып, бодо малдын да саны төмөндөгөн. Бир гана жылкынын башы сакталып калган. Ошол мезгилде 30, 40, 50 кой баккан майда чарбалар алыскы жайыттарды көп пайдаланбай, жакын жайыттарга басым жасалган. Азыр да көбүнчө миндеген, жүз миңдеген жакынкы, орто алыстыктагы жайыттар туура эмес пайдалануудан жараксыз абалга келүүдө. Акыркы 10-15 жылдын ичинде малдын саны өстү. Бирок, мындай учурда жайыттарды туура пайдаланышыбыз керек. Мурда бир коктуда 500 кой жайылса, бүгүнкү күндө 5 миң кой жайылып жайыттар талкаланууда”,- дейт Карашев.
Дагы бир көйгөй Суусамыр өрөөнүндө алтыгана бадалы менен механикалык ыкма аркылуу күрөшүү иштери башталганын министрликтин өкүлү кошумчалады. Анткени, буга чейин жайыт аянттарынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы басып кеткени маалымдалган.
Акыркы жылдарда жайыттардын аянтынын жылдан жылга кескин кыскарышына малдын санынын көбөйүшүнөн тышкары, кен байлыктарын казуу жана климаттын өзгөрүүсү да терс таасирин тийгизүүдө.