Канадада мектептеги ок атышууда 9 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 11 Февраль 2026 16:26
WhatsApp Image 2026-02-11 at 15.22.03.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Канададагы Тамблер-Ридж шаарындагы орто мектепте болгон атышуунун кесепетинен 9 адам каза болду. Бул тууралуу CBC News телеканалына таянып, Известия билдирди.

Маалыматка ылайык, полиция окуя болгон жерден 8 адамдын сөөгүн тапкан. Дагы 1 жабырлануучу ооруканага жеткирүү учурунда көз жумган. Ал эми атышууну уюштурган шектүү өзүнө-өзү зыян келтирип каза болгону айтылууда.

Ошондой эле 2 адам оор абалда ооруканага жеткирилсе, дагы 25 киши жергиликтүү медициналык мекемеде текшерүүдөн өтүүдө. Мектептен болжол менен 100 адам коопсуз жерге эвакуацияланган.