Кан анализи аркылуу деменцияны 10 жыл мурун билсе болот

Дүйнө Загрузка... 16 Июль 2026 14:50
WhatsApp Image 2026-07-16 at 11.46.45.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кадимки кан анализи эч кандай белгиси жок эле дени сак улгайган адамдарда жакынкы 5-10 жылдын ичинде деменция (акыл-эстин алсырашы) өрчүп кетүү коркунучу бар-жогун алдын ала аныктай алат. Бул тууралуу америкалык илимпоздордун изилдөөсүнө шилтеме берүү менен Associated Press агенттиги маалымдады.

Окумуштуулар бул тестти биринчи кезекте Альцгеймер оорусуна каршы жаңы дары-дармектерди сыноо үчүн кооптуу топко кирген ыктыярчыларды эрте табуу куралы катары карап жатышат.

Канында p-tau217 белогу өтө жогору болгон, бирок эч кандай оору белгиси байкалбаган адамдарда жакынкы 5 жылда акыл-эс бузулууларына кабылуу коркунучу 38%ды, ал эми 10 жылдын ичинде бул көрсөткүч 78%га жетери аныкталган.

Изилдөөгө 2 684 катышуучу тартылып, алардын ден соолугуна 2004-жылдан бери байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада p-tau217 белогунун кандагы деңгээли мээни ичинен бузган патологиялык өзгөрүүлөрдү эң алгачкы этапта эле көрсөтөрү далилденди.

Бирок адистердин айтымында, дени сак адамдарга азырынча бул анализди тапшырууга шашылуунун кереги жок. Анткени азыркы тапта Альцгеймерди алгачкы симптомдор пайда боло электе толук айыктыра турган дары даяр эмес. Ошондой эле карылыктагы акыл-эстин начарлашына башка жүрөк-кан тамыр оорулары да себеп болушу мүмкүн.

Адистер эс тутумду сактоо үчүн убагында уктоо, туура тамактануу, жигердүү кыймылдоо жана коомдук иштерге аралашуу эң натыйжалуу ыкма экенин эскертишет. Тажрыйбанын жыйынтыгы JAMA авторитеттүү медициналык журналына жарыяланды.