Камчаткада бир жумада 12 жолу жер титиреди

Дүйнө Загрузка... 13 Апрель 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-04-13 at 08.51.06.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Камчаткада бир жуманын ичинде он эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Камчатка крайы боюнча башкы башкармалыгы билдиргенин, Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн 10у 30-июлда болгон жер титирөөнүн афтершоктору болгон.

6-апрелден 12-апрелге чейин 10 афтершок катталган. Бул жер титирөөлөр аймактын калктуу конуштарында сезилген эмес.

Эске салсак, 2025-жылдын 30-июлунда Камчатканын чыгыш жээгинде 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болуп, анын күчү 8,8 баллды түзгөн. Камчатка крайынын тургундары 8 баллга чейинки жер титирөөлөрдү сезишкен. Ошондон бери Камчаткада жер титирөөлөр кайталанып, бирок акырындык менен басаңдап жатат.