Камчаткада 6,5 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 09 Март 2026 10:05
WhatsApp Image 2026-03-09 at 09.03.46.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Камчатканын жээктеринде 6,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Казинформ" кабарлады.

Маалыматка ылайык, Россия Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы бөлүмүнүн сейсмологдору жер титирөөнүн очогу Тынч океандын акваториясында, Петропавловск-Камчатский шаарынан 237 чакырым алыстыкта жайгашканын аныкташты. Ошондой эле анын очогу болжол менен 47,9 чакырым тереңдикте болгон.

Эске салсак, былтыр июль айында Камчатка жээгинде күчтүү жер титирөө болуп, анын магнитудасы 8,8 баллга жеткен. Бул 1952-жылдан берки аймактагы эң күчтүү жер титирөө катары бааланган.

Күчтүү жер титирөөдөн кийин Тынч океанда цунами коркунучу жаралып, бул тууралуу Япония, АКШ жана Филиппин бийликтери эскертүү жарыялашкан.

Мындан тышкары, сентябрь айында дагы Камчатка аймагында жер титирөөлөр катталган.