Камчаткада 6,4 баллдык жер титирөө болду

Дүйнө Загрузка... 23 Январь 2026 09:15
4a2a6832-daa5-4213-8b89-936634356af6.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.11.26. /Кабар/. Камчаткада 6,4 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Известия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, зилзала Россия Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Федералдык изилдөө борборунун Камчатка бөлүмү тарабынан катталган.

Жер титирөөнүн очогу Петропавловск-Камчатскийден 138 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашкан.

Буга чейин 14-январда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Башкы аймактык башкармалыгы Тывада 4,6 баллдык жер титирөө катталганын билдирген.