Калктын орточо IQ көрсөткүчү 99,24: дүйнөдөгү эң акылдуу өлкө аныкталды

Дүйнө Загрузка... 24 Декабрь 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-12-24 at 07.27.08.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. World of Card Games журналы жүргүзгөн акыркы изилдөөгө ылайык, дүйнөдөгү эң акылдуу өлкө — Швейцария деп табылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Швейцария 100 баллдык шкалада 92.02 балл алып, алдыңкы орунду ээледи. Изилдөөдө бул өлкөдө 1 миң 99 Нобель сыйлыгына талапкер бар экени жана калктын орточо IQ көрсөткүчү — 99,24 экени белгиленген.

Мындан сырткары, швейцариялыктардын 40,02% кеминде бакалавр даражасына ээ болсо, 18,05% магистр же андан жогорку билимге ээ. Бул көрсөткүчтөр боюнча да өлкө алдыда.

Улуу Британия экинчи орунду ээледи. Бул өлкөдө 2 миң 393 Нобель сыйлыгына талапкер катталган. Калктын 39,59% бакалавр, 14,37% магистр даражасына ээ, ал эми орточо IQ — 99,12.

АКШ үчүнчү орунду ээледи — 89,18 балл. Бул өлкөдө 5 миң 717 Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн адам жана 256 университет бар, бул дүйнө боюнча эң жогорку көрсөткүч. АКШда чоңдордун 38,57% бакалавр, 14,79% магистр даражасына ээ. Орточо IQ — 97,43.

Нидерланддар 87,3 балл менен төртүнчү орунда турат. Бул өлкөнүн орточо IQ көрсөткүчү — 100,74, ал эми тургундардын 36,63% жогорку билимге ээ.

Бельгия 86,58 балл менен бешинчи орунда. Орточо IQ — 97,49.

World of Card Games негиздөөчүсү Хольгер Синдбектин айтымында, мындай көрсөткүчтөр билим берүү сапаты, жогорку окуу жайларынын деңгээли жана жалпы жарандардын билим деңгээли менен тыгыз байланыштуу.

Мисалы, Швейцариянын алдыңкы орунду ээлеши — өлкөнүн көлөмүнөн эмес, сапаттуу жана натыйжалуу саясаттан кабар берет. Европа өлкөлөрүнүн жалпы күчтүү көрсөткүчтөрү да билимге инвестиция узак мөөнөттүү пайда алып келерин далилдейт.