Бишкек, 13.02.25. / Кабар/. Калкты арзан жана сапаттуу үрөн менен камсыздоо уланууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнү менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик дотация боюнча, жазгы айдап себүүгө 5 миң 724 тонна үрөн даярдалган. Анын ичинен 1 миң 159 тоннасы буудай үрөнү, 4 миң 168 тонна арпа үрөнү, 140 тонна жүгөрү үрөнү, 30 тонна кара беде үрөнү, 57 тонна эспарцет үрөнү, пахта үрөнү 76 тонна жана 93 тонна картошка үрөнү.
“Үрөндөрдү алуу шарты аябай жеңил. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жери бар экендиги боюнча тастыктоочу документин жана паспортунун көчүрмөсүн алып барса жетиштүү”,-деди ал.
Мамбетов кошумчалагандай, үрөндүн негизги баасы 34 сом 60 тыйын болсо, дыйкан ала турган баа 24 сом 22 тыйын болот. Ал эми 10 сом 38 тыйынды мамлекет субсидия кылып берет.