Калифорнияда катуу бороон суу ташкынына алып келди

Дүйнө Загрузка... 26 Декабрь 2025 09:41
WhatsApp Image 2025-12-26 at 08.24.46.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. Калифорнияда Рождество майрамы алдында болгон катуу бороон суу ташкынына алып келди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Түштүк Калифорниянын айрым аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, суу каптоо жана көчкү учурлары катталды. Жүздөгөн тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Тоолуу аймактарда баткак, таш жана таштандылар турак жайларды каптаган.

АКШнын Улуттук аба ырайы кызматы "өмүргө кооптуу атмосфералык шарттар" уланып жатканын эскертип, бул сейрек кездешүүчү "атмосфералык дарыя" кубулушу менен байланыштуу экенин белгиледи.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом алты округда өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул чечим куткаруу кызматтарын ыкчам жайгаштырууга жана кошумча ресурстарды тартууга шарт түзөт. Синоптиктер катаал аба ырайы Рождество майрамы бою уланат деп божомолдошууда.

Улуттук аба ырайы кызматынын метеорологу Майк Воффорд билдиргендей, Түштүк Калифорнияда адатта декабрь айында 2,5 смге чейин жаан жаайт. Бирок, бул аптада айрым аймактарда 10-20 смге чейин, ал эми тоолуу райондордо мындан да көп жаан-чачын күтүлүүдө.

Бороон бир аз басаңдаганы менен, синоптиктер жаңы нөшөрлөр жана күн күркүрөшү коштолгон катаал аба ырайы Рождество майрамында да кайталанышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Мындай шартта жер көчкү жана сел коркунучу дагы деле сакталып турат.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Калифорнияда кеминде эки адамдын өмүрү кыйылган. Өзгөчө кырдаал режиминде мамлекеттик кызматтар элди коргоо жана зыяндын алдын алуу иштерин улантууда.