Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Кайыңдыда жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына тийиштүү болгон баасы 8 млн 883 миң сомду түзгөн жер тилкеси Кайыңды шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.