Кайсы учурда батир жана жер үй үчүн салык төлөнөт? Түшүндүрмө

Экономика Загрузка... 30 Март 2026 11:45
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.29.07.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Батирдин аянты 80 чарчы метрден, ал эми жер үйдүн аянты 150 чарчы метрден жогору болсо, салык төлөө милдеттемеси каралган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.

Маалымдалгандай, эгер жеке үй 200 чарчы метр болсо, анын 150 чарчы метри эсептен чыгарылып, калган 50 чарчы метрине гана салык төлөнөт. Бул болжол менен жылына 3 миң 339 сомду түзөт.

"Салык төлөөчү — бул ишкердик жүргүзгөн жеке жактар же юридикалык жактар. Андан тышкары, салык төлөөчүлөр — бул биздин жарандар, жеке жактар. Бирок бардык эле жарандар салык төлөөчү эмес. Кимдин атында мүлкү же жери болсо, ошол мүлккө гана жылына бир жолу төлөнө турган салыктын түрлөрү чыгат. Белгилүү болгондой, батир, мүлк же жер тилкеңиз болсо, салык милдеттемеси белгиленген чарчы метрден ашкан учурда гана чегерилет. Мүлк салыгы боюнча айта кетсем, батир жана жеке үйдөн тышкары кошумча жер тилкеси болсо, ага да салыктар каралган", — деди Рахманов.